08.06.2018 14:43

«Чон-Капка» өткөрүү пунктунда 2500 тонна күйүүчү майды аткезчилик менен алып келаткандар кармалды

«Чон-Капка» өткөрүү пунктунда 2500 тонна күйүүчү майды аткезчилик менен алып келаткандар кармалды

«Чон-Капка» көзөмөл-өткөрүү пунктунда Казакстандан Кыргызстанга мыйзамсыз түрдө күйүүчү-майлоочу май киргизүүгө аракет кылган 3 жаран кармалды. Бул туурасында Мамлекеттик чек ара кызматынын маалымат кызматынан билдиришти. 

Кыргызстандын 3 жараны бүгүн, 8-июнь күнү коңшу өлкөдөн Кыргызстанга уруксаат берүүчү документтери жок күйүүчү май алып кирүүгө аракет кылган.

Көзөмөл-өткөрүү пунктуна келген 3 унааны текшерүү маалында алардын ичинде КММ ташуу үчүн кошумча идиштер орнотулганы аныкталган.

Ташылып келаткан күйүүчү майдын жалпы көлөмү 2500 тонна болгон.Тийиштүү документтер толтурулгандан кийин кармалгандар жана аткезчилик менен алынып келаткан май ИИМдин аймактык бөлүмүнүн кызматкерлерине өткөрүлүп берилди.